МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Бает жалпы орто билим берүү мектеби 1992-жылдын 24-мартындагы Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн №28 №8 буйругуна ылайык иштебей турган бала бакчанын ордуна ачылган. Айылга мектеп ачуунун демилгечиси, айыл тургуну экономика илимдеринин кандидаты Куканов Абдыбек агайыбыздын демилгеси менен Бает айылынын эли айылда мектеп жок бош турган бала бакчанын имаратын мектеп кылып бергиле деп райондук билим берүү бөлүмүнө жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына арыз менен кайрылышкан. Мектептин директорлугуна "Эмгекчил" орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рыскелдиев Кемел дайындалган. Мектеп СССР кулап кризис учурунда ишке берилген. Бала бакчадагы группаларга ылайыкталып салынган бөлмөлөрдү классттык бөлмөлөргө ылайыкташтырылып кайрадан салыш керек болгон. Мектепке керектүү парта, окуу китептери, спорт аятчасы ж.б. болгон эмес. Мектепти 1-сентябрга даяр кылыш эле. Ысык-Көл районунун мектептерине Бает орто мектебине материалдык жардам берүү боюнча райононун буйругу чыгарылган. Райондун мектептеринин эски парта, доскалары, мебелдери оңдолуп түзөлүп, 1992-жылдын 1-сентябрында мектеп ачылып 127 окуучу кабыл алынды. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн каржылоосу менен мектепке спорттук аянтча курулду, мектептин ичи-сырты шыбалды. Линолеум төшөлдү. "Мерсико" аралык уюмунун каржылоосу менен мектептин чатыры жабылды. 2004-жылы мектеп райондо мыкты мектептердин бири болуп аталды жана "Мыкты мектеп" вымпели акчалай сыйлыктар менен сыйланды. 2006-жылы област боюнча "Мыкты мектеп" наамы жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Мектеп директору Рыскелдиев К. пенсияга чыккандыгына байланыштуу 2010-жылы кызматын Үсөнбаева Асмат Кыдыралиевнага өткөрүр берди. 2011-жылы А.Үсөнбаева арабдардын "Xьюmen eppiel international" эл аралык уюмунан колдоочу таап мектепке өзүнчө суу түтүгү киргизилди.Айыл өкмөтүнүн колдоосу менен мектептин кире беришине брусчатка төшөлдү. Актовый зал капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Мектеп окуучуларына улуттук кийимдер, музыкалык аппаратура, комуздар алынып келинди. Технология кабинети ишке берилди. 2015-жылы 15-майынан А.К.Үсөнбаева О.Жумаев атындагы мектепке директор болуп которулгандан кийин мектептин тарых мугалими Ч.А.Жайлообаев мектепти жетектөөдө. 2017-жылы волонтёр Николь Энг тарабынан 5 компьютер, 1 ноутбук, 1 диапроектор алынып келинди. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы У.К.Абдыкалыковдун колдоосу менен мектептин терезелери заманбап пластик терезелер менен алмаштырылды. Мектептин чатыры жаңыланып, ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 1-4-класстардын окуучуларына ысык тамак берилүүдө. 2015-2019-окуу жылдарында ЖРТ нын жыйынтыгы боюнча мектеп райондогу алдыңкы мектептердин катарына кошулган. Учурда мектепте 19 мугалим эмгектенүүдө. Алардын ичинен 6 мугалим "Эл агартуунун мыктысы" 3 мугалим "Профсоюз кыймылынын мыктысы". 2020-2021-окуу жылында мектепте 145 окуучу, даярдоо классында 16 окуучу билим алууда.

Элзат мек тарых.docx