МОНИТОРИНГ ЖАНА АНАЛИЗ

16-17 2-3чейрек.doc
16-17 2-3чейрек.doc
16-17 2-3чейрек.doc
2016-2017-жылдын 2017-жыл...лывштыруу мониторинги.doc

Бает орто мектеби 2016-2017-окуу жылынын 1-чейрегине карата аткарылган иштери жөнүндө маалымат.

Киришүү: Мектеп Ысык-Кол районундагы Бает айылында жайгашкан Мектептин имараты 1989-ж. салынган

Жылытуу электр менен. Туалет сыртта

Спорт зал – жок, актовый зал 85 м 2, Ашкана иштейт

Окуу китептери – 76% камсыз

Мебель – 100 комплект, бирок эски. Компьютердик класс – 1 (13 компьютер, 3 комьютер эски, окутууга мумкун эмес)

Телевизор – 3, видео – 1, проектор – жок, сканер, ксерокс - иштейт

Ашкана арендада эмес. Ашкана абалы: канааттандырарлык

Ата-энелер комитетинин торайымы: Абдыкадырова А. 2016-2017-окуу жылында жалпы билим берүүчү Бает орто мектебинде 1-2-3-баскычтагы класстар базистик окуу планы менен окуп жатат.

Окутуу тили: кыргыз

Этникалык составы: кыргыз 100%

Класс комплекти: 1-4 кл.- 3, 5-9 кл. – 5, 10-11 кл. – 2.

Окуучулардын саны: 68 кыздар, 65 балдар, 122 баары.

Жакыр үй-бүлөөдөн: 2

Орточо муктаждыкка ээ болгон балдар: 10

Тартиби оор балдар: 3

ИДНдин учетунда: 0

Тоголок жетимдер: жок

Жарым-жартылай жетим балдардын саны-11

Мумкунчулугу чектелген балдардын саны-5

Жалпы мугалимдердин саны: 19

Билимин жогорулатуучу курстан өткөндөр -2

Билим сапаты 1-чейректе – 18%

Мектепте музыка,дене тарбия жана предметтик ийримдер иштейт. Мектептин окуучулары медициналык кароодон откорулгон. Окуучулардын китеп менен камсыз болушу, китепкананын жана китептердин абалы; Сентябрь айында бардык класстарга китептер таратылып, окуучуларга 946 китеп -93% берилди. Жетпейт 346 китеп, б.а. 7%.

2016-2017 окуу жылына милдеттер: 1.2016-2017-окуу жылынын ОТЖПны ишке ашыруу. 2.Мугалимдердин тажрыйбаларын райондук масштабда жайылтуу. 3.Мектептин материалдык базасын чындоо. 4.Окуучуларды нравалык маданиятка,кыргыз элинин салттарын пайдаланып тарбия берууго жетишуу. 5.Жаны технологияларды колдонуу менен бардык сабактардан окуучулардын билим сапатын 2%ке жогорулатуу

II.Педкадрлар менен иштөө:

Мектепте 19 мугалим эмгектенет, алардын ичинен жогорку билимдуусу- 16, атайын пед. орто билимдуу- 2, орто билимдуу 1. Пенсиядагы мугалимдер -5. Искакова К биология мугалими,Усупова Р эмгек,технология мугалими,Коккозова Ш башталгыч класстар мугалими.Осмоналиева Б. Кыргыз тили жана адабияты мугалими. Акматбаева Д. организатор,соц педагог,музыка мугалими. Билим беруунун отличниги-7, Профсоюз уюмунун отличниги-3. Бардык сабактар оз адистиги менен берилет. Мектептеги мугалими ар бир сабакка жазылган пландарынын негизинде иштейт,ал пландарды окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,метод бирикмелердин жетекчилери айына бир жолу текшерип турушат. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,усулдук бирикмелердин жетекчилери сабактарга,класстан тышкаркы иштерге катышуу,текшеруу иштерди алышат. Мектептин мугалимдери сабактарда интерактивдуу режимде иштеп,балоонун жаны формаларын ийгиликтуу колдонушат. Мугалимдин кесиптик денгээлин жана оз билимин которуу боюнча мектепте толук шарттар тузулгон, мектеп администрациясы тарабынан атайын усулдук кундор уюшулган, бул кундору мугалимдер озгочо актуалдуу проблемалар боюнча тегерек столдорду, семинар-тренингдерди, түрдүү отурумдарды откорушот.

2016-2017-окуу жылында усулдук кенешмелердин жетекчилери шайланып, усулдук бирикмелердин түзүлгөн пландары менен иш тер жүрүп жатат. Мектепте кабыл алынган проблемалар жана максаттын негизинде иш алып баруу ар бир мугалимге жана усулдук бирикмелерге милдеттендирилди.

Ийримдик иштерди активдештируу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу учун предмет боюнча чыгармачылык иштер жургузулду.

Мугалимдердин ар бир сабакка сабактын планы менен кируусу көзөмөлдөнүп жатат.

Квалификацияны өркүндөтүү боюнча.

Быйылкы окуу жылында 1 мугалим билим берүү курстан өттү. Калган бардык мугалимдер квалификацияны өркүндөтүү курстан өтүп убагы келди.

Насаатчылык боюнча:

Мектепте 5 жаш мугалим эмгектенет. Алар

1.Орозбекова А.физика мугалими насаатчысы кыргыз тили жана адабияты мугалими Ашымова Н. 2. Кадырбекова С. география мугалими.насаатчысы чет тили мугалими Бикиева А 3.Шаршенбиева Н. башталгыч кл насаатчысы Дюшембиева Э. 4.Алымкул кызы Нарынкүл химия мугалими насаатчысы биология мугалими Искакова 5. Токтогулов Р.дене тарбия мугалими насаатчысы Тахтоева А .орус тили жана адабияты мугалими . Жаш адистер менен азыркы учурдагы сабакка коюлган талаптар менен тааныштыруу, билимге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн диспут,тегерек столдор өтүлүп турат.

Педагогикалык кадрлар менен иштөөнүн милдеттери:

1. Мугалимдердин жаны усулдарды колдонуу менен иштөөсу. 2. Класс-кабинеттерди азыркы учурдун талабына ылайыктап жабдуу. 3. Мугалимдерди усулдук адабияттар менен камсыз кылуу,ресурстук борбор тузуу. 4. Мугалимдердин квалификациясы жогорулатуу.

1-2 чейрек.doc
мониторинг.docx
1-2 чейрек.doc